сш им А.Тилекеева Панфилов району

Новости

Райондук  «УЛАР  ҮНҮ  2022»  сынагынын  жеңүүчүсү  5-класстын  окуучусу  Бакасова  Нурзат  облустук  баскычка  чыгып,  чоң  гала  концертке  катышты.  Курманбек  дастаны  ырын  аткарды.
26.10.2022 148
Жеке  ишкер,  демөөчү    Назарбекова  Анара  спортзалды  талапка  ылайык  жасалгалап  берди.    окуучуларыбыз  ойногонго  бардык  шарттар  тузүлгөн.
26.10.2022 95
мектептин  мугалимдери  райондук  кароо  сынакка  катышып,  воллейбол,  шашки,  теннис,  шахмат  боюнча  катышып,  өздөрүнүн  активдүүлүктөрүн  көрсөтүшүп,  алкоогоо  ээ  болушту.
26.10.2022 85
Окуучулар  ата-эненин,  мугалимдин  коштоосунда  Буранага  экскурсияга  барышты.  Бул  экскурсия  тарых  сабагына  байланыштуу  болду.  Окуучулар  Бурананын  айланасындагы  бал-бал  таштарды,  музейди,  көргөзмөлөрдү  көрүп,  кызыктуу  маалыматтарды  өз  көздөрү  менен  көрүп  келишти.
26.10.2022 81
Мамлекеттик  тил  күнү  мектепте  ачык  сааттар,  тарбиялык  сааттар  өткөрүлдү.  Мындан  тышкары  6-7-8-класстын  окуучулары  «Эне  тилим-менин  тилим»  деген  темада  кыз-жигиттер  ортосунда  «Сармерден»  оюну  ойнотулду.  Мында  окуучулар  кыргыздын  каада — салт,  үрп-адаттарынан  чагылдырышты.
26.10.2022 112
Мектеп  ашканасы  МЕРСИКО  тарабынан  жаңыланып,  окуучулар  ысык  тамак менен  камсыздандырылды.  Ашкана  бүгүнкү  замандын  талабына  ылайык  жасалгаланган.  Ашпоозчу  Молдалиева Чынара  МЕРСИКО  тарабынан  курска  катышып,  азыркы  күндө  окуучуларга  талапка  ылайык  тамактарды  жасап  жатат.
26.10.2022 80
2019-жылы  мектептин  окуучуларды  РДЮЦЭКТ  тарабынан  өткөрүлгөн  сынакка  катышып,  республикалык баскычта  биринчи  орун  ээлеп,  кубок,  грамота  жана  белектер  менен  сыйланышты.  Бул  сынакта  окуучулар  активдүүлүктөрүн  көрсөтүштү.  калыстар  тарабынан  алкоого  ээ  болушту.
25.10.2022 70
1 / 212