сш им А.Тилекеева Панфилов району

Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Орто-Арык орто мектеби  1982-жылы эксплуатацияга берилген. 320 орунга  эсептелинген.  Бугунку кундо  мектептин абалы канааттандыраарлык.  Мектеп  типтуу,  эки  кабаттуу.   1992-жылы   29-июлда   Панфилов  рйаонунун  депутаттарынын   66/11-21  буйругунун  негизинде  Асан  Тилекеев  атындагы  Орто-Арык  орто  мектеби   деп  аталсын деген    чечим  кабыл  алынган. Мектеп  Курама  айыл  өкмөтүнө  караштуу.  КР  гербинин  сүрөтү,  мектептин  аты  жазылган  штампы   жана  мөөрү  бар.    Мектептин  аянты   2  га.    Жылытуу системасы  электроконвекторлор.  11  класс кабинет, анын ичинен  4 кабинет  1 спорт зал демоорчулордун  жардамы менен жасалган. 1 спорт аянчасы, 1 машыктыруучу зал, 1 китепкана, 1 ашкана 40 орундук бар. Башталгыч класстар учун  ысык  тамак уюштурулган.  40-жылдан  бери  9-11-класстын  бүтүрүүчүлөрү  ЖРТга  катышып,  билимдерин  текшерип,  окуудагы  көрсөткүчтөрү  100%  түзөт.  Акыркы  5  жылда  ЖРТнын  орточо  баллы  110 тузсө, эң  жогоркусу  138-140  баллды  түздү.  Мектептиге  билим  сапаты  — 43 %  түздү.  Отличниктер  20  окуучу,  ударниктер  39  окуучу.  Мектеп  бардык  райондук,  республикалык  билим  берүү  иш – чараларына  активдүү  катышып,  райондук,  республикалык  байгелүү  орундарды  багындырып  келет.   Райондук  ЮИДке  катышып,  ардак  грамоталар  менен  сыйланышты.  Патриоттук  ырлар  боюнча  “Жоокер  ырын”  Акылбекова  Ырыс  ырдап   грамота  менен  сыйланды.  2017-жылы  11-класстын  окуучусу  Болотбаева  Нурканым  орус  тили  сабагынан  райондук  олимпиададан  1-орунга  чыгып  , областтык олимпиадада  4-орунга   ээ  болуп,  Ардак грамота  жана  стипендия  менен  сыйланды.

2019-окуу  жылында  7-класстын окуучусу Токтобаева Альбина I даражадагы диплом «Райондук Сары-Озон чолпондору» фестиваль-сынагынын «Манасчы» номинациясынын лауреаты ыйгарылды.

2020-жылы  23-сентябрь  “Мамлекеттик  тил”  кунүнө  карата  уюштурулган  иш  -чарада  эң  жакшы  аткаргандыгы  учүн  Талгар кызы Диана  “Мыкты  обондуу  ырлар  номинациясы  “  менен  А.Тилекеев  мектеби  сыйланат.

2018-жылы  райондо  болуп  откон  «Аалам  алпы  Ч.Айтматов»  деген  сынакка  катышып  9-класстын  окуучулары Шакенова  Алина,  Токтобаева Альбина,  Самарбекова  Алия   корком  окуу  боюнча   оздору  чыгарган  ырларын  окушуп  райондук  ардак  грамотага  ээ  болушту.

РДЮЦЭКТ  тарабынан  Чункурчакта  откорулгон  край  таануу  боюнча  республикалык  мелдеште  9-класстын  окуучулары  3-орунга  ээ  болушуп,  грамота,  медаль,  кубок  менен  сыйланышты.

2019-жылы  9-класстын окуучусу Токтобаева Альбина   «Райондук Сары-Озон чолпондору» фестиваль-сынагынында  «Манас»  айтып  грамота  менен  сыйланды.

РДЮЦЭКТ  тарабынан  Чункурчакта  откорулгон  край  таануу  боюнча  республикалык  мелдеште  9-класстын  окуучулары  1-орунга  ээ  болушуп,  грамота,  медаль,  кубок  менен  сыйланышты.

  2020-жылы  11-класстар  арасында  Ыйык   Ата  журт  коому  тарабынан  уюштурулган  “Интеллект  Ум”  конкурсуна  11-класстан  6  окуучу  3  туруна  катышышып,  25%  сертификаттарга  ээ  болушту.

“Илим   жана  техника,  ондуруш”  жумалыгына  5-6-7-8-класстардын  окуучулары    катышып,  “Архитектура  дизайн” категориясы боюнча  2-орунга  ээ  болушуп,    Ардак грамота    менен   сыйланышты.

Спорттук  жетишкендиктер:

Эркин  курош  боюнча  9-класстын  окуучусу  Жолдошбаев  Нурсултан —  2019-жылы  кандидат  мастер  спорт,  6-класстын  окуучусу  Казакпаев  Бекмат- 2022-жылы  кара  кур,  Жекшенбаев  Нурсултан,  Болотбаев  Камчы,  Калидинбеков  Эрлан,  Азимов  Эрбол,  Таалайбек  уулу  Ильяс,  Мамбетказиев  Нургазы    медалдар,  Ардак  грамоталар  менен  сыйланышты.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин миссиясы

А.Тилекеев  атындагы  Орто-Арык  жалпы  билим  берүү   үзгүлтүксүз  башталгыч,  негизги  жалпы  орто  билим  берүүнү  камсыз  кылган  билим  берүүчү  мекеме.

Мектеп  окуучуларга  терең  сапаттуу  билим  берүү  менен  окуучуларды  ыймандуулукка  тарбиялайт,  мамлекет  жана  коомчулук  менен  биргеликте  алардын  ден-соолугуна  жана    ар  тараптан  өнүгүүсүнө  кам  көрөт.

 

 

Мектептин  максаты

«Окуучуларга  сапаттуу  билим  берүүдө,  тарбиялоодо,  инсандын  руханий  адеп  ахлактык  өнүгүүсүн  жана  дене  тарбиясын  калыптандыруу  менен  бирге  жаратылышты  сүйүүгө  тарбиялоо».

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета